• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Салык кызматы 15-январдан тарта камсыздандыруу төгүмдөрүн башкарууну баштады

Экономика 0


Бишкек, 15.01.19. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 2019-жылдын 15-январынан тартып камсыздандыруу төгүмдөрүн башкарууну баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Теңизбек Абжапаров "Кабар" агенттигинде өткөн жыйында билдирди.

Анын айтмында, үстүбүздөгү жылдын 15-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу функциясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык Мамлекеттик салык кызматына өттү.

Ушуга байланыштуу, юридикалык жакты түзбөгөн дыйкан (фермердик) чарбалардын башчылары жана мүчөлөрү камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөндүгү тууралуу квитанцияларды жана камсыздандыруу полистерин алуу үчүн аймактык салык органдарына (бирдиктүү терезелерге), тейлөө борборлоруна, патенттерди берүү пункттарына кайрылуулары керек.

Мында, 2019-жылдын 1-январына чейинки отчеттук мезгилдер, анын ичинде 2018-жылдын декабрь айы үчүн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча эсептешүү ведомосттору катталган жер боюнча Социалдык фонддун райондук башкармалыктарына берилет. Анткени 2018-жылдын жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан чыгарылмакчы.

2019-жылдын январь айы үчүн отчет жана кийинки отчеттор ушул жылдын февраль айынан тартып аймактык салык органдарына берилүүгө тийиш.

Камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу функциясын салык кызматына өткөрүп берүү бизнес жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган, себеби, бул иш-чара юридикалык жана жеке жактардын администрациялык жүгүн азайтууга мүмкүндүк түзмөкчү.

Алсак, салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча отчетту берүүгө, патентти жана камсыздандыруу полисин алууга кеткен убакытты кыскартууга мүмкүндүк берет. Себеби, мунун бардыгы бир мамлекеттик органда ишке ашырылмакчы.

Мындан тышкары, салык мыйзамдарын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу мыйзамдарын сактоо маселеси боюнча текшерүүлөр бир контролдоочу орган тарабынан ишке ашырылгандыктан, текшерүүнүн саны кыскарат.

Бизнес жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана салык төлөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтарды жакшыртуу боюнча бул иш-чаралардын бардыгы эл аралык «Doing Business” рейтингинде Кыргыз Республикасынын позициясын жакшыртууга мүмкүндүк берет.

Салык кызматы тарабынан камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу киреше салыгынын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн толугу менен төлөнүшүн комплекстүү талдоого мүмкүндүк берет.

Ошондой эле, салык органдарынын учурдагы ыйгарым укуктарын эске алуу менен, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу менен камтуунун көбөйүшү жана ошого жараша КР Социалдык фондунун бюджетине келип түшүүлөрдүн өсүшү күтүлүүдө.

Мамлекеттик салык кызматы тарабынан камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу функциясын сапаттуу ишке ашыруу максатында, бүгүнкү күндөн тартып ушул жылдын 1-июлуна чейинки мезгилге КР Социалдык фондунан 240 кызматкер салык органдарына убактылуу иштөөгө жиберилди. Бардык кызматкерлер иш орундары, компьютер жана иш үчүн зарыл болгон инвентарь менен камсыз болушту.

Пикир

Оставить комментарий