• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Салык кызматы 2 айда 11,9 млрд сом салык чогултту

Экономика 0

Бишкек, 02.03.20. /Кабар/. Салык кызматы 2 айда 11,9 млрд сом салык чогултту. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Алдын-ала маалымат боюнча, Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 2020-жылдын январь-февраль айларында 11 млрд 918,4 млн сом суммасында салыктар жана төлөмдөр чогултулду. Белгиленген план 100,1 %га аткарылды же 15,5 млн сомго ашыгы менен жыйналды.

2019-жылдын эки айына салыштырмалуу салыктардын түшүүсү 744,1 млн сомго көп жыйналган же өсүү тепми 106,7 %ды түздү.

Пикир

Оставить комментарий