• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Салык кызматы 20 миң бөтөлкөдөн ашык алкоголь тартып алды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.05.22. /Кабар/. Салык органдарынын кызматкерлери 10 күндүн ичинде республика боюнча рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө акциздик маркасы жок же жасалма маркалуу 20 миң 745 бөтөлкө алкоголдук продукцияны тартып алышты. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ишкерлерге карата мыйзамдарга ылайык тиешелүү чаралар көрүлдү.

Белгилей кетсек, акциздик маркасы жок же жасалма маркалуу спирт ичимдиктерин сатуу фактыларынын көпчүлүгү "АЮ", "СВВЗ", "Бишкек Алко пром" жергиликтүү өндүрүүчүлөрүнүн продукцияларына тиешелүү болгон.

Салык кызматы соода түйүндөрүн товарларды кабыл алууда жеткирүүчүлөрдөн алкоголдук продукцияга бардык уруксат берүүчү документтерди (шайкештик сертификат, эсеп-фактура, товардык-транспорттук коштомо кагаз) талап кылууга чакырат.

Салык кызматы жарандарды акциздик маркасы жок же жасалма акциздик маркалар менен алкоголдук продукция сатылган фактыларды көргөндө жергиликтүү салык органына, 116 номери же (0779) 61-31-89 (whatsapp) номери боюнча кайрылууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий