• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Салык кызматы 2019-жылы 32,4 млрд сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту

Экономика 0

Бишкек, 21.01.20. /Кабар/. Мамлкеттик салык кызматы 2019-жылы 32 млрд 432,6 млн сом суммасында камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай бул 2018-жылга салыштырмалуу 1,8 млрд сомго көп. Салык кызматы быйыл 35,7 млрд сом камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноону пландап жатат.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын 15-январынан тартып Салык кызматы Социалдык фондунун ордуна камсыздандыруу төгүмдөрүн башкарууну баштаган.

Камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу функциясын салык органына өткөрүп берүү бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган, себеби, бул чара юридикалык жана жеке жактардын администрациялык жүгүн азайтууга мүмкүндүк берет.

Алсак, салык төлөөчүлөргө салык боюнча жана камсыздандыруу чегерүүлөрү боюнча эки отчетту бир гана мамлекеттик органга тапшырууга, ошондой эле патент гана эмес, камсыздандыруу полисин да алууга ыңгайлуу болот, бул иш-чара төлөөчүлөрдүн кетирген убактыларын алда канча үнөмдөмөкчү.

2019-жылы Салык кызматы камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөр үчүн бир катар жаңы кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде Мамлекеттик сатып алуулар конкурсунун катышуучуларына (жеткирүүчүлөргө) камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздар жөнүндө маалыматты Мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу электрондук түрдө берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү ишке киргизди.

Ведомство жер-жерлерде камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тийиштүү суммаларын өз убагында жана толук өлчөмдө төлөөнүн зарылдыгы жөнүндө төлөөчүлөр менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Натыйжада, кээ бир райондордо берилген камсыздандыруу полистеринин санынын көрсөткүчтөрү өткөн жылга салыштырмалуу 2 эседен ашык көбөйдү.

Пикир

Оставить комментарий