• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Салык кызматы: 2019-жылы жергиликтүү бюджетке салык чогултуу планы ашыгы менен аткарылды

Экономика 0

Бишкек, 17.01.20. /Кабар/. 2019-жылы жергиликтүү бюджетке 17 млрд 518,7 млн сом салыктар жана төлөмдөр чогултулду. Белгиленген план 101,3 пайызды түзүп, 231,7 млн сомго ашыгы менен аткарылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

2018-жылга салыштырмалуу жергиликтүү бюджетке түшүүлөр 2 млрд 845,7 млн сомго же 19,4 %га жогорулаган.

Мындан тышкары, бул мезгилде 2 млрд 950,1 млн сом суммасында мүлк жана жер салыгы чогултулган. Анын ичинде 842,9 млн сому транспорт салыгы (104,4 %га аткарылды), 878,5 млн сом кыймылсыз мүлк салыгы (107,5%), 1 млрд 228,7 млн сом жер салыгы (111,3%).

Пикир

Оставить комментарий