• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Салык кызматы: 2020-жылдан тарта милдеттүү түрдө электрондук эсеп-фактуралар колдонулат

Экономика 0

Бишкек, 18.11.19. /Кабар/. 2020-жылдан тарта бардык КНС төлөөчүлөр жана импорттук-экспорттук операцияларды жүзөгө ашыруучу субъекттер милдеттүү түрдө электрондук эсеп-фактураларды колдонууга өтөт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы маалымдайт.

Ушуга байланыштуу, Салык кызматы электрондук эсеп-фактураларды колдонууга өтүүгө күн мурунтан даярданууга чакырат. Бул үчүн алар электрондук документ түрүндө эсеп-фактураны колдонуу боюнча пилоттук долбоорго кошула алышат. Мындан тышкары, алдын ала квалификациялуу электрондук кол тамга алыш керек.

Электрондук эсеп-фактураларды колдонуу боюнча пилоттук долбоор Кыргызстанда 2019-жылдын 1-июлунан тартып ишке киргизилип, жыл аягына чейин иштээрин эскерте кетели. 2020-жылдын башынан тартып электрондук эсеп-фактураларды колдонуу боюнча милдет жогоруда көрсөтүлгөн салык төлөөчүлөргө жүктөлөт.

Кеңири маалыматты Салык кызматынын www.sti.gov.kg расмий сайтынан же 1240 телефону аркылуу алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий