• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Салык кызматы 2020-жылы 90 млрд сомдон ашуун салык чогултууну пландоодо

Экономика 0

Бишкек, 15.01.20. /Кабар/. 2019-жылы Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 83 млрд 989,5 млн сом суммасында салыктар жана төлөмдөр чогултулду. Белгиленген план 100%га аткарылды же 10,8 млн сомго ашыгы менен аткарылды. Бул тууралуу Салык кызматы билдирет.

2018-жылга салыштырмалуу салыктардын түшүүсү 4 млрд 405,6 млн сомго көбөйгөн.

2019-жылы салыктын кээ бир түрлөрү боюнча план-болжол ашыгы менен аткарылган. Алсак, алтын өндүрүүчү компаниялардын кирешелерине салык 128,1 %, бирдиктүү салык – 120,5%, жер салыгы – 111,3%, кыймылсыз мүлк салыгы – 107,5%, пайда салыгы – 106,4%, кыймылдуу мүлк салыгы – 104,4%, ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык – 103,7%, милдеттүү патенттин негизиндеги салык – 103,3%, жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык – 103,2%, салыктык эмес келип түшүүлөр – 130,2%га аткарылган.

2020-жылы Салык кызматы 93,7 млрд сом суммасында салыкты чогултуу пландоодо.

Пикир

Оставить комментарий