• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Салык кызматы 2020-жылы 93,7 млрд сом салык чогултууну көздөөдө – Абдалиев

Экономика 0

Бишкек, 23.01.20. /Кабар/. Салык кызматы 2020-жылы 93,7 млрд сом салык чогултууну көздөөдө. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев билдирди.

"2019-жылы Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 83 млрд 989,5 млн сом суммасында салыктар жана төлөмдөр чогултулду. Белгиленген план 100%га же 10,8 млн сомго ашыгы менен аткарылды. 2018-жылга салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 4 млрд 405,6 млн сомго көбөйгөн", - деди ал.

Ал белгилегендей, 2020-жылы Салык кызматынын алдында 93,7 млрд сом салык чогултуу милдети турат.

"Салык кызматы 2019-жылы 32 млрд 432,6 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бул 2018-жылга салыштырмалуу 1,8 млрд сомго көп. Үстүбүздөгү жылы Салык кызматынын алдында 35,7 млрд сом камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо милдети турат", - деди Абдалиев.

Пикир

Оставить комментарий