• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Салык кызматы 2020-жылы республикалык бюджетке 62,9 млрд сом салык жыйнады

Экономика 0

Бишкек, 13.01.21. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылы республикалык бюджетке 62 млрд 958 млн сом салык жыйнады. Белгиленген план 100,2 пайызга аткарылды же 107,3 млн сомго ашыгы менен чогултулду.

Салык кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 2019-жылга салыштырмалуу салыктар республикалык бюджетке 324,7 млн сомго көп жыйналды.

Белгилей кетсек, салыктар боюнча план 2020-жылдын ноябрь айында республикалык бюджетке Салык кызматы үчүн мурда белгиленген планды 3 млрд 58,3 млн сомго көбөйтүү менен киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алганда ашыгы менен аткарылды.

Пикир

Оставить комментарий