• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Салык кызматы 2021-жылдын 1-июлунан тартып ККМ жаңы стандарттар боюнча колдонуларын эскертет

Экономика 0

Бишкек, 03.06.21. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 2021-жылдын 1-июлунан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында ККМди колдонуу жаңы стандарт боюнча ишке ашырыларын эскертет.

Алсак, аталган күндөн тартып салык органдарында катталган ККМдин фискалдык маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде берүү функциясы жок эски үлгүлөрүн колдонууга болбойт.

Ошондой эле, ККМди колдонуудан буга чейин бошотулган субъекттер үчүн 1-июлдан тартып аны колдонуу милдеттүү болуп калат. Тактап айтканда, Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында ыктыярдуу патенттин негизинде ишкердик жүргүзүүчү төмөнкү субъекттер жөнүндө сөз жүрүп жатат:

- соода борборлорунда жана үйлөрдө жайгашкан, аянты 10 (он) чарчы метрге чейинки соода түйүндөрүндө товарларды сатуу, кызмат көрсөтүү же жумуштарды аткаруу боюнча;

- коомдук тамактануу жайларында убактылуу жерлерди (павильондорду, боз үйлөрдү, бастырмаларды, башка убактылуу курулуштарды) пайдалануу менен кызмат көрсөтүү боюнча;

- соода залынын аянты 20 (жыйырма) чарчы метрге чейинки павильондордо, контейнерлерде, башка убактылуу курулуштарда товарларды сатуу боюнча.

Мындан тышкары, жаңы техникалык талаптарга ылайык ККМди колдонууга милдеттендирилгендер Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында ыктыярдуу патенттин негизинде ишмердик жүргүзүүчү жана төмөнкүлөр менен алектенүүчү субъекттер:

- 200 чарчы метрден ашык соода аянты менен стационардык соода түйүндөрүндө товарларды сатуу;

- дарыканаларда дары-дармек каражаттарын сатуу;

- 200дөн ашуун оруну бар жана/же аянты 300 чарчы метрден ашкан коомдук тамактануу кызматын көрсөтүү;

- стационардык жайларда медициналык кызмат көрсөтүүлөр;

- медициналык лабораторияларда кызмат көрсөтүүлөр.

Жаңы стандарттарга ылайык келбеген ККМ пайдаланылган учурда мындай аппараттар Салык кызматынын автоматташтырылган маалымат системасынан каттоодон чыгарылат, ал эми субъекттер администрациялык айып салууга тартылат.

Пикир

Оставить комментарий