• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Салык кызматы 3,3 миң жаранга 43 млн сом социалдык же мүлктүк эсептен чыгарып алууну кайтарып берди

Экономика 0

Бишкек, 23.05.23. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы (МСК) 2022-жылы жана 2023-жылдын биринчи кварталында 3 миң 352 жаранга 43,2 млн сомду социалдык же мүлктүк эсептен чыгарып алуу түрүндө кайтарып берди.

МСКнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бул сумманын 37,3 млн сому 2022-жылы, 5,9 млн сому ушул жылдын 1-кварталында кайтарылган.

Анын ичинде 2706 адам 35,3 млн сом суммасында мүлктүк эсептен чыгарып алууну, 646 адам 7,9 млн сомго социалдык эсептен чыгарууну алган.

Эскерте кетсек, жарандар салык мыйзамдарына ылайык социалдык же мүлктүк эсептен чыгарууну алууга укуктуу.

Эсептен чыгарууларды алуу үчүн салык органына бирдиктүү салык декларациясын, ошондой эле кеткен чыгымдарды ырастаган документтердин тизмеги менен арызды берүү зарыл.

Салыктык эсептен чыгаруу – бул кирешенин салык салынуучу көлөмүн азайткан сумма. Бул – жыл ичинде мурда төлөнгөн салыкты кайтарып берүүгө мүмкүндүк берген мамлекет тарабынан жеңилдик же колдоонун бир түрү.

Социалдык эсептен чыгаруу салык төлөөчүнүн жана анын багуусундагы 24 жаштан ашпаган адамдардын билими үчүн алынышы мүмкүн. Социалдык эсептен чыгаруунун суммасы окуу үчүн төлөмдүн суммасына барабар, бирок билим берүү боюнча чегерүүлөрдү эсепке албаганда, салык төлөөчүнүн салык базасынын 10 пайызынан ашпоого тийиш. Үч же андан көп баласы барлар үчүн чегерүү 25 пайыздан ашпайт.

Мүлктүк салыктык эсептен чыгарып алуу – ипотекалык кредит боюнча пайыздарды төлөөгө жумшалган, бирок жылына 230 миң сомдон ашпаган каражаттын өлчөмүндө алынышы мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий