• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Салык кызматы 350 планшет эмне үчүн керектиги тууралуу түшүндүрмө берди

Коом 0

Бишкек, 08.12.21. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 2021-жылдын 7-декабрында мамлекеттик сатып алуулар порталы аркылуу тийиштүү техникалык талаптары менен 350 даана планшет сатып алууга конкурс жарыялады.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, планшеттер рейддик салык контролун жүргүзгөн аймактык салык органдарынын кызматкерлери үчүн керектелет.

Азыркы учурда Салык кызматы «Ишкердик субъекттердин жайгашуусунун санариптик картасы» долбоорунун алкагында Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында жайгашкан соода, жумуштар жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү объекттердин жана ишкерлердин жайгашуу картасын түзүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. Кийинки этапта ушундай эле иштер республиканын калган бардык шаарларында жана калктуу конуштарында жүргүзүлөт.

Салык кызматы ошондой эле маалыматты издөөгө же кагаз жүзүндөгү документтерди толтурууга кеткен убакытты үнөмдөөчү «Электрондук салыктык контроль» системасын иштеп чыгууда.

Атап айтканда, системада контролдук-рейддик иш-чараларды өткөрүүдөгү зарыл болгон маалымат базасы жайгаштырылат.

Мындан тышкары, система керектүү маалыматтарды киргизгенден кийин текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча автоматтык түрдө акт түзөт. Мында салык төлөөчү электрондук-графикалык кол тамга же eID жардамы менен кол коюу функциясы аркылуу электрондук документке кол коё алат.

Бул жол-жобону техникалык жактан ишке ашыруу үчүн планшет тиешелүү мүнөздөмөлөргө жана параметрлерге ээ болушу керек. Ошондуктан жогоруда белгиленген максат үчүн сатып алынган планшеттерде видеокамералар, электрондук паспортторду жана смарт-карталарды окугуч, аутентификациянын биометрикалык системасы, электрондук калем (планшет үчүн калем), кол боосу жана наушниктер үчүн уяча, USB, microHDMI, ошондой эле зымсыз коммуникациялардын (Wi-Fi, 3G, 4G) функциялары болушу керек.

Белгилей кетсек, “Электрондук салыктык контроль” системасы “СМАРТ Салым” салык жол-жоболорун санариптештирүү долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.

Пикир

Оставить комментарий