• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Салык кызматы: 37 миңден ашуун патент онлайн түрүндө берилди

Экономика 0

Бишкек, 11.10.19. /Кабар/. 37 миңден ашуун патент онлайн түрүндө берилди, -деп билдирет КР Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы.

Билдирүүгө ылайык, Мамлекеттик салык кызматы электрондук патент бере баштаган күндөн, тактап айтканда, 2018-жылдын 1-октябрынан тартып ведомствонун сайты аркылуу электрондук түрдө 37 миң 916 даана патент берген.

Экономикалык ишти жүзөгө ашырууга электрондук патентти эки ыкмада: МСКнын www.salyk.kg - “Салык төлөөчүнүн кабинети” электрондук сервиси жана eID-карта (2017-жылдан тартып жаңы үлгүдөгү паспорт) менен алууга болот.

Азыркы учурда электрондук патент алуу үчүн бир катар банктардын карточкалары ("Демир банк", "Кыргызстан" банк, "РСК Банк", "Азия Банкы", "Оптима банк", "Керемет Банк", "БТА банк") аркылуу, ошондой эле "Элсом", "Умай" жана "Аманат"мобилдик капчыктары аркылуу төлөнүүдө.

Ошондой эле, "Оптима банк", "РСК Банк", "Айыл Банк", "БТА банк", Quickpay, Megacom, AsisNur, Terempay төлөм терминалдары аркылуу жана "РСК-Банктын" жана "Айыл Банк" кассалары аркылуу накталай акы төлөөгө болот.

Салык кызматы электрондук патент үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча шлюзга башка коммерциялык банктарды жана төлөм терминалдарын кошуу боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Эске салсак, Мамлекеттик салык кызматы 2018-жылдын 1-октябрынан тартып республиканын бардык аймагында ведомствонун сайты аркылуу электрондук түрдө патент бере баштады.

Электрондук патент интернет аркылуу сатып алуу салыктык башкаруу жол-жобосун жөнөкөйлөтүп, салык төлөөчүлөр үчүн жагымдуу шарттарды түздү, анын ичинде салыкчылар менен салык төлөөчүлөрдүн ортосундагы түз байланышты кыскартты, бул болсо коррупциянын тобокелдигин азайтмакчы.

Салык төлөөчүлөр ар бир жолу салык органына баруунун кереги жок, анткени патентти кеңседен (соода жана кызмат көрсөтүү түйүндөрүнөн) же үйдөн чыкпай туруп эле, интернет аркылуу каалаган убакта сатып алууга болот. Ал эми банктын төлөм карталарын кабыл алуу жана тейлөө боюнча техникалык инфраструктураны түзгөн терминалдар, банкоматтар же башка жабдуулар аркылуу патент үчүн төлөөгө болот.

Пикир

Оставить комментарий