• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Салык кызматы: 4 компания фискалдык маалыматтардын оператору болду

Коом 0

Бишкек, 09.10.20. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 4 компанияны фискалдык маалыматтардын операторлорунун (ФМО) реестрине киргизди жана алар менен тиешелүү макулдашууларды түздү.

Ведомствонун басма соз кызматы билдиргендей, фискалдык маалыматтардын операторлору “Нур Телеком” ЖЧКсы, “Юниверсал Бизнес Репорт” ЖЧКсы, “Флекс Консалт” ЖЧКсы жана “Альфа Телеком” ЖЧКсы болушту.

Бул компаниялар тийиштүү реестрге киргизүү үчүн 8 уюмдан келип түшкөн арыздарды карап чыккандан кийин комиссия тарабынан тандалып алынды.

Фискалдык маалыматтардын оператору – бул реестрге киргизилген жана фискалдык маалыматтарды корголгон түрдө топтоого жана салык органына берүүгө уруксат алган уюм. ФМО салык кызматы менен өз ара аракеттешүүдө салык төлөөчүлөр үчүн эң жогорку ыңгайлуу шарттарды түзөт жана алардын ортосунда звено катары кызмат кылат.

Отчеттор, фискалдык чектер жана башка документтер ыңгайлуу санариптик платформалар аркылуу берилүүгө тийиш. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген базалык талаптарга ылайык келген ФМОнун жогорку деңгээлдеги ачык жана атаандаш рыногу түзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий