• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Салык кызматы 4 миңден ашык куту аткезчилик тамекини тартып алды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.06.22. /Кабар/. Бишкек шаарындагы "Аламүдүн" жана "Орто-Сай" базарларынан жана Чүй облусунун Аламүдүн районунан контрафакттык тамекилерди саткан соода түйүндөрү аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

Натыйжада акциздик маркаларсыз чет өлкөлүк өндүрүштүн ар кандай аталышындагы 4 миң 360 куту тамеки (Keno, Fast, Manchester, Mond, Oris, Keno, Prezident, Capital, King) тартып алынды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, алынган продукциялар өлкөнүн аймагына аткезчилик жол менен киргизилген.

Ишкерлерге карата КР мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

Салык кызматы тамеки продукциясын саткан ишкерлерди мындан ары акциздик маркаларсыз тамеки буюмдарын сатып алуудан баш тартууга чакырат.

Ошондой эле жарандардан контрафакттык же жасалма тамеки, ошондой эле акциздик маркаларсыз же жасалма акциздик маркалар менен алкоголдук продукцияны байкаган учурда жергиликтүү салык органына, ошондой эле 116 номери же (0 312) 66-39-25 номери аркылуу кайрылууну өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий