• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Салык кызматы 405 баш бодо малды жана товарларды уруксатсыз ташып келүү аракетин токтотту

Коом 0


Бишкек, 12.11.21. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 405 баш бодо малды жана башка товарларды уруксатсыз ташып келүү аракетин токтотту. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участогундагы өткөрмө пункттарына жакын жайгашкан товарларды каттоо пункттарында ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден бир катар товарларды ташып келүүдө мыйзам бузуу фактыларын аныкташкан.

Алсак, “Ак-Тилек” каттоо пунктунан 405 баш бодо малды, 95 баш жылкыны, 240 метркуб жыгачты ташып келе жаткан жүк ташуучу машиналар кармалган.

“Чалдыбар” товарларды каттоо пунктунан 3 тонна кургатылган мөмө-жемиш, 3 тонна бадыраң жана 80 мерткуб жыгачты, “Ак-Жол” товарларды каттоо пунктунан 3 даана медициналык жабдууларды алып өтүүгө аракет кылышкан.

Белгиленгендей, бардык импорттоочуларда товарларды ташып келүүгө карата уруксат документтери жок болгон.

Бузуу боюнча материалдар мыйзамга ылайык мандан ары чара көрүү үчүн мобилдик топко өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий