• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Салык кызматы 45 тонна ун жана 8,6 тонна коонду алып келүүдөгү бузууларды аныктады

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.06.19. /Кабар/. Салык кызматы "Чалдыбар" көзөмөл өткөрмө жайынан 45 тонна ун жана 8,6 тонна коонду алып келүүдөгү бузууларды аныктады. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 8,6 тонна коондун тийиштүү документтери болгон эмес.

Ал эми жогорку сорттогу 45 тонна ун документтерде 1-сорттогу ун катары көрсөтүлүп, алынып келген.

Ар бир укук бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык иш-аракеттерди көрүү үчүн мобилдик топко (ЭККМК) берилген.

Пикир

Оставить комментарий