• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Салык кызматы: 49 жеке ишкер жаңы жөнөкөйлөтүлгөн салык режимине өтүүнү чечишти

Экономика 0

Бишкек, 05.07.21. /Кабар/. Чекене сатуудан алынуучу салыктын негизинде салык салуунун жаңы системасы 2021-жылдын 1-апрелинен тартып киргизилгенден баштап 49 ишкер субъектилери бул жөнөкөйлөтүлгөн системага өтүү жөнүндө аймактык салык органдарына арыз беришти. Алардын ичинен 39 субъект – Бишкек шаарынын аймагында, 7 субъект - Чүй облусунун аймагында, бирден Талас жана Нарын облустарында иш жүргүзгөндөр. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.

Эскерте кетсек, жеке ишкерлер чекене соодадан алынуучу салыктын негизинде салык салуунун жаңы жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча иштей алышат.

Бул салык режими ишкердин ишин жеңилдетүүчү бир катар артыкчылыктарга ээ. Алсак, накталай формада төлөөдө аны колдонуунун биринчи жылында “нөлдүк” ставка, экинчи жылы – 1%, үчүнчү жылы – 2%, төртүнчү жылдан тартып – 3% аныкталган. Накталай эмес формада төлөөдө салыктын ставкасы тиешелүү түрдө 50% га азайтылат.

Ай сайын берилүүчү салык милдеттенмесин эсептөө салык органы тарабынан салык төлөөчүнүн онлайн-ККМнан алынган ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалыматтык системасынын маалыматтарынын негизинде жүргүзүлөт.

Бул салык режиминин артыкчылыктары – режимге ишмердиктин каалаган мезгилинде ыктыярдуу өтүү тартиби, салык декларациясынан тышкары салык отчетун берүү зарылдыгынын жоктугу, бухгалтердик эсеп жүргүзүү зарылдыгынын жоктугу жана ККМ-онлайндан алынган маалыматтар боюнча салыктык милдеттенме автоматтык түрдө түзүлгөндүгүнө байланыштуу мобилдүү тиркемелер аркылуу салыкты оңой төлөө мүмкүндүгү.

Жөнөкөйлөтүлгөн системанын негизинде иштөөгө ниеттенген салык төлөөчү салыктык каттоо жери боюнча салык органына арыз берүүгө милдеттүү.

Мында ал 2020-жылдын 24-июнунан тартып бекитилген жаңы техникалык талаптарга ылайык келген онлайн-ККМди милдеттүү түрдө колдонууга тийиш.

Ошондой эле субъект КНС төлөөчүсү болбоого же соңку 12 айдын ичинде кирешесинин көлөмү КНС боюнча каттоо чегинин өлчөмүнөн (8 млн сом) ашпоого тийиш.

Чекене сатуудан алынуучу салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы финансылык жана камсыздандыруу кызматтарын көрсөтүүчү субъекттер, ошондой эле баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары, акциз салыгын төлөөчүлөр, коомдук тамактануу субъекттери, курорттук-ден соолукту чыңдоо чөйрөсүнүн субъекттери, турак жайларды куруучулар тарабынан колдонулбайт.

Кененирээк маалыматты жергиликтүү салык органдарынан 116-номери боюнча же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий