• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Салык кызматы жети айда 2,8 млрд сом салык жана төлөмдөрдү чогултту

Экономика 0

Бишкек, 19.08.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы 2021-жылдын 7 айында 55 млрд 546,9 млн сом салык жана төлөмдөрдү чогулткан.

МСКнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, белгиленген план 105,4% га аткарылган же 2 млрд 832,4 млн сомго ашыкча аткарылган.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салык жана төлөмдөрдүн түшүүсү 15 млрд 94,6 млн сомго көбөйдү же өсүү ыргагы 137,3% түздү. Мында ИДПга карата кирешелердин үлүшү 16,49% ды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 2,71 пайыздык пунктка көбөйгөн.

Анын ичинде республикалык бюджетке 44 млрд 819,2 млн сом түшүп, план 105,3%га аткарылган же 2 млрд 244,8 млн сомго ашыкча аткарылган. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12 млрд 423,4 млн сомго көп (өсүү темпи 138,3%).

Жергиликтүү бюджетке 10 млрд 727,6 млн сом чогулуп, план 105,8% га аткарылган же 587,7 млн.сомго ашыкча аткарылган. 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу келип түшүүлөр 2 млрд 671,1 млн сомго көбөйдү же өсүү ыргагы 133,2% түздү.

Пикир

Оставить комментарий