• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Салык кызматы 7 айда жарандардын даттануулары боюнча 10 кызматкерди жазалады

Коом 0

Бишкек, 07.08.20. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылдын 7 айында жарандардын кайрылууларынын жыйынтыгы боюнча ведомствонун 10 кызматкерин жазалады, ошондой эле салык мыйзамын бузгандыгы үчүн 4 ишкерди административдик жазага тартты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Жалпысынан жыл башынан бери Салык кызматына жарандар жана салык төлөөчүлөрдөн 87 кайрылуу жана даттануу келип түшкөн. Анын ичинен жазуу жүзүндө – 41 билдирүү, электрондук почта аркылуу – 29, “ишеним телефонуна” жана “шыр байланыш номерине” – 17.

Келип түшкөн кайрылуулардын ичинен 33 арыз салык органдарынын кызматкерлеринин укуксуз иш аракеттерине тийиштүү болсо, 16 – ишкерлер тарабынан салык мыйзамдарынын ченемдеринин сакталбагандыгы боюнча маалыматтар, калганы салык мыйзамдарынын ар түрдүү маселелери боюнча болгон.

Бардык кайрылуулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген мөөнөттө каралды.

Салык органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттерине арыздар боюнча кызматтык текшерүүнүн жүрүшүндө 16 арыз боюнча фактылар тастыкталган эмес, 7 – тастыкталды, 6 – жарым-жартылай тастыкталды, 2 – кароо стадиясында турат жана 2өө маалымат үчүн.

Кабыл алынган тийиштүү чаралардын натыйжасында 2 кызматкер ротацияланды, 1 катуу сөгүш, 5 – сөгүш, 2 – эскертүү жарыяланды. Мындан тышкары, бир даттануу боюнча материалдар ИИМне өткөрүлүп берилди.

Салык төлөөчүлөр тарабынан салык мыйзамдарынын бузулуулары тууралуу 16 кайрылуунун ичинен текшерүүнүн жүрүшүндө 4 билдирүү боюнча фактылар тастыкталды. Мыйзам бузгандарга карата административдик жаза-чаралары колдонулду.

Мындан тышкары, 7 айда Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилигинин кабыл алуусунда 40 жаран болду, алардын ичинен 14 адам жеке маселе боюнча, салык мыйзамдарындагы маселелер боюнча – 18 адам, кадрдык маселелер боюнча – 8 жаран болду.

Жарандардын жана салык төлөөчүлөрдүн кайрылууларын өз убагында ыкчам кароо максатында, Салык кызматында (0312)61-31-89 номери боюнча "ишеним телефону", (0779)61-31-89 “шыр байланыш” номери (Whatsapp), электрондук кайрылууларды кабыл алуу үчүн info@sti.gov.kg электрондук дареги, коомдук кабылдама иштейт. Бул жарандарга ыңгайлуу формада – кат жүзүндө, оозеки же электрондук түрдө кайрылууга мүмкүндүк берет.

Жарандар салыкчылардын иштерине гана эмес, салык мыйзамдарын бузуу менен иш жүргүзүп жаткан ишкерлерге карата да даттануу менен кайрылса болот.

Салык кызматы келип түшкөн даттануулар жана кайрылуулар боюнча кызматтык иликтөөлөрдү, текшерүүлөрдү, рейддик салык контролун жана андан ары тиешелүү чараларды көрүү үчүн контролдук сатып алуу жүргүзөт.

Пикир

Оставить комментарий