• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Салык кызматы 80 миңден ашык ишкердик субъекттин маалыматтарын дислокациянын санариптик картасына киргизди

Экономика 0

Бишкек. 18.01.22. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы бир нече айдын аралыгында ишкердик субъекттердин дислокациясын тактоо боюнча масштабдуу иш-чаралардын жүрүшүндө 80 миң 387 субъекттин маалыматтарын санариптик картага киргизди.

МСКнын маалыматына караганда, анын ичинен Бишкек шаарында – 42 миң 456, Ош шаарында – 21 миң 496, башка аймактарда – 16 миң 435 субъект.

Эске салсак, өткөн жылдын аягынан тарта Салык кызматы Бишкек, Ош шаарларында жана бир катар аймактарда ишкердик субъекттердин дислокациясынын электрондук базасын түзүү жана тактоо боюнча масштабдуу иш-чараларды баштаган.

Кызматкерлер жеринде электрондук дислокациянын системасы менен маалыматтарды салыштыруу аркылуу ишкер субъекттерди толук камтуу боюнча иштерди жүргүзүшүүдө, контролдук-кассалык машинанын болушун жана колдонулушун жана башка ишкердикке уруксат берүүчү документтерин текшеришип, тиешелүү маалыматтарды электрондук маалымат базасына киргизишүүдө. Ошондой эле чектердин берилишине карата контролдук сатып алууларды өткөрүшүүдө.

Дислокациянын санариптик картасы “СМАРТ Салым” салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун алкагында, салыктык башкарууну өркүндөтүү, аналитикалык иштерди жакшыртуу, ошондой эле салыктык каттоосуз жана салыктарды төлөбөстөн экономикалык иштерин жүргүзгөн субъекттерди аныктоо максатында түзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий