• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Салык кызматы 9 айда бюджетке 4,2 млрд сом салык карызын өндүрдү

Экономика 0

Бишкек, 18.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 9 айында салык карызын мажбурлап өндүрүү боюнча көрүлгөн чаралардын жыйынтыгы менен бюджетке 4 млрд 224,8 млн сом өндүрүлгөн. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 млрд 237,2 млн сомго көп же өсүү ыргагы 141,4% болду.

Салык карызын мажбурлап өндүрүү боюнча жүргүзүлгөн иштердин жүрүшүндө 3 млрд 615,3 млн сом өндүрүлгөн.

Мындан тышкары, салык төлөөчүлөрдүн алыш-бериш эсептерине 1 млрд 367,9 млн сомго 1 миң 306 салык-төлөм талаптары коюлуп, анын ичинен 392,8 млн сом өндүрүлгөн.

Ошондой эле жыл башынан бери 1 млрд 616,7 млн сом суммасындагы 1 миң 130 материал сотко берилди. Анын ичинен 1 млрд 269,6 млн сом суммасында 568 материал бюджеттин пайдасына салык карызын өндүрүүгө каралды.

Салыктарды бюджетке өз убагында төлөбөгөндүк үчүн 4,9 млн сом суммасында 2 миң 306 айып салынган.

Пикир

Оставить комментарий