• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Салык кызматы 9 айдын ичинде жарандардын кайрылуусу боюнча 183 кызматкерди жоопко тартты

Коом 0

Бишкек, 15.10.21. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматына 2021-жылдын 9 айында жарандардан жана юридикалык жактардан 183 кайрылуу жана даттануу келип түштү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен, электрондук почта аркылуу – 135, “ишеним телефонуна” жана “ыкчам байланыш” номерине –21.

Келип түшкөн кайрылуулардын ичинен 11 арыз ишкерлер тарабынан салык мыйзамдарынын сакталбагандыгы боюнча маалыматтар, 64 – салык органдарынын кызматкерлеринин укуксуз иш аракеттерине тийиштүү болсо, 107 – ар түрдүү маселелер боюнча болгон.

Бардык кайрылуулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген мөөнөттө каралды.

Салык органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттерине арыздар боюнча кызматтык текшерүүнүн жүрүшүндө 31 арыз боюнча фактылар тастыкталган эмес, 29 – тастыкталды, дагы 4 кайрылуу – кароо стадиясында турат.

Кабыл алынган чаралардын натыйжасында 45 кызматкер жоопко тартылды, анын ичинен 2 – ээлеген кызматынан төмөндөтүлдү, 20 катуу эскертүү алды, 12 – сөгүш, 5 - эскертүү, 1- кызматкерге ээлеген кызматына толук ылайык келбөө жарыяланды, 5 кызматкер ротацияланды.

Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө салык төлөөчүлөр тарабынан салык мыйзамын бузуулар тууралуу 11 билдирүү болгон, анын ичинен 2 арыз боюнча фактылар тастыкталды, 6 кайрылуу боюнча фактылар тастыкталган жок, 1 арыз эске алынды.

Жыл башынан бери Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилигинин кабыл алуусунда 46 жаран болду, алардын ичинен 21 адам жеке маселе боюнча, салык мыйзамдарындагы маселелер боюнча – 24 адам, кадрдык маселелер боюнча – 1 жаран болду.

Салык кызматы жарандардын жана салык төлөөчүлөрдүн кайрылууларын өз убагында ыкчам кароо максатында, Салык кызматында (0312) 61-31-89 номери боюнча "ишеним телефону", (0779) 61-31-89 “ыкчам байланыш” (Whatsapp) номери, электрондук кайрылууларды кабыл алуу үчүн info@sti.gov.kg электрондук дареги, ошондой эле, коомдук кабылдама да иштеп жатат. Жарандар кат жүзүндө, оозеки же электрондук түрдө кайрыла алышат.

Белгилей кетсек, Салык кызматы келип түшкөн ар бир даттануулар жана/же кайрылуулар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, тийиштүү чараларды көрүү үчүн кызматтык иликтөөлөрдү, текшерүүлөрдү, рейддик салык контролун жана контролдук сатып алууну жүргүзөт.

Пикир

Оставить комментарий