• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Салык кызматы алкоголь жана тамекинин ири партиясын мыйзамсыз жүгүртүүдөн тартып алды

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.07.22. /Кабар/. Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы салык контролунун жүрүшүндө алкоголдук продукциялардын жана тамекилердин ири партиясын мыйзамсыз сактоо жана сатуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

Натыйжада жасалма акциздик маркалар менен жана тиешелүү лицензиясы жок 4 миң 705 бөтөлкө алкоголь, ошондой эле акциздик маркасыз чет өлкөдө өндүрүлгөн 2 миң 970 куту тамеки тартып алынды.

Ишкерлерге карата КР мыйзамдарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий