• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Салык кызматы: Алкоголсуз суусундуктарга акциз салыгын төлөө талабы мыйзамдуу

Экономика 0

Бишкек, 06.09.22. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы Кыргызстандагы Америкалык соода палатасынын аткаруучу директору Дастан Иманалиевдин алкоголсуз суусундуктарды өндүрүүчүлөр жана дистрибьюторлор тарабынан акциз салыгын төлөө маселеси боюнча билдирүүсү тууралуу төмөнкүлөрдү билдирет.

Алкоголсуз сергитүүчү суусундуктардын өндүрүлгөн же импорттолгон көлөмү үчүн акциз салыгын төлөө жана ал боюнча отчет берүү зарылдыгы жөнүндө салык органынын бардык аракеттери өлкөнүн салык мыйзамдарынын чегинде жүзөгө ашырылууда.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификацияланган сергитүүчү (энергетикалык) алкоголсуз суусундуктарга коюлган базалык ставка боюнча 1 литр үчүн 100 сом акциз салыгы салынууга тийиш.

Бирок Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы токтому менен өндүрүүчүлөр жана импорттоочуларды колдоо максатында, 2022-жылдын 1-июлунан тартып ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификацияланган сергитүүчү (энергетикалык) алкоголсуз суусундуктарга акциз салыгынын ставкасы төмөндөтүлгөн жана литрине 1 сом өлчөмүндө белгиленген.

Кыргыз Республикасынын “Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамына ылайык сергитүүчү алкоголсуз ичимдиктер болуп, атайын багыттагы - сергитүүчү, анын ичинде организмге сергитүүчү натыйжаны камсыз кылуу үчүн жетиштүү сандагы кофеин, сахар жана башка таттуу заттарды жана (же) башка сергитүүчү компоненттерди камтыган энергетикалык алкоголсуз ичимдиктер эсептелет.

Мындан тышкары, Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2011-жылдын 9-декабрындагы № 880 чечими менен бекитилген Бажы бирлигинин техникалык регламентинин 9-беренесине ылайык (ББ ТР 021/2011), сергитүүчү (анын ичинде энергетикалык) суусундуктар алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктер түрүндө өндүрүлөт (даярдалат). Сергитүүчү заттардын (компоненттердин) булагы катары кофеинди жана аны камтыган өсүмдүктөрдү (өсүмдүк экстракттарын), чайды, кофени, гуарананы, ошондой эле сергитүүчү таасир этүүчү дары өсүмдүктөрүн жана алардын экстракттарын колдонууга жол берилет.

Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен, ЕАЭБ ТЭИ ТН 2202 коду менен классификацияланган бардык алкоголсуз суусундуктар сергитүүчү алкоголсуз суусундуктарга кире тургандыгын жана акциз салыгы салынууга тийиш экендигин Салык кызматы билдирет.

Айрым сергитүүчү алкоголсуз суусундуктарды өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар тарабынан 2022-жылдын июль айына карата акциз салыгы төлөнбөгөндүгүнө жана ал боюнча салык отчету берилбегендигине байланыштуу, салык органдары салык мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышы – акциз салыгынын төлөнүшү боюнча зарыл иш-чараларды жүргүзүшүүдө.

Салык кызматы Америкалык соода палатасын ар кандай жолдор менен акциз салыгын төлөгүсү келбеген, ошол эле учурда салыктарды толугу менен төлөп жаткан бул чөйрөдөгү ак ниеттүү ишкерлердин укугун бузуп жаткан алкоголсуз суусундуктарды өндүрүүчүлөрдү жана импорттоочуларды коргобоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий