• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

МСК алты айда 73,6 млрд сом салык жана төлөмдөрдү жыйнады

Экономика 0

Бишкек, 05.07.22. /Кабар/. 2022-жылдын январь-июнь айларында Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик бюджетке 73 млрд 611,4 млн сом салык жана төлөмдөрдү жыйнады.

МСКнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, белгиленген план 101,8 %га аткарылып, 1 млрд 324,7 млн сомго ашыгы менен чогултулган.

2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар 26 млрд 642,1 млн сомго көп жыйналган (өсүү ыргагы 156,7 %).

Салыктык башкарууну жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, "СМАРТ Салым" салык жол-жоболорун санариптештирүү долбоорун ишке ашыруу, анын ичинде электрондук эсеп-фактуралар, контролдук-кассалык машиналар, ЕАЭБ алкагында товарларды эсепке алуу боюнча "Жыйынды пост" системасы ж.б. ишке киргизилиши пландык көрсөткүчтөргө оң таасирин тийгизүүдө.

Пикир

Оставить комментарий