• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Салык кызматы: Ар жумада ККМди башкаруу системасынын долбоорунун катышуучулары үчүн семинар өтөт

Коом 0

Бишкек, 01.10.21. /Кабар/. Ар жумада контролдук-кассалык машиналарды башкаруу системасынын долбоорунун катышуучулары үчүн семинар өткөрүлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, техникалык семинар Салык кызматынын имаратында шейшемби жана бейшемби күндөрү саат 15.00дө өтүп турат.

Семинарлар реалдуу убакыт режиминде фискалдык маалыматтарды чогултуунун, оңдолбогон түрдө корголгон сактоонун, иштеп чыгуунун жана берүүнүн жаңы технологияларын апробациялоо үчүн ККМди башкаруу системасынын пилоттук долбоорун ишке ашыруунун алкагында уюштурулууда.

Семинардын жүрүшүндө адистер катышуучуларга аппараттык ККМ таратып, системанын ишин көрсөтөт, ошондой эле пилоттук ККМди колдонуу тартиби жана иштеши тууралуу түшүндүрүшөт.

Өткөрүлүүчү иш-чаранын дареги: Бишкек ш., Чүй проспекти, 219.

Сурап-билүү жана каттоо телефондору: 0312 61-17-46, 0556 87-08-71.

Эскерте кетсек, Салык кызматы ККМди башкаруу системасынын пилоттук долбоорун ишке киргизди. Долбоордун максаты — колдонулуучу ККМди модернизациялоо жана фискалдык маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде чогултуу, оңдолбогон түрдө сактоо, иштеп чыгуу жана берүү технологияларын апробациялоо.

Пикир

Оставить комментарий