• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Салык кызматы августтагы планды 100% аткарды

Экономика 0

Бишкек, 04.09.19. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы салык жана төлөмдөрдү 7 млрд. 532,9 млн сом суммасында чогултуу менен август айындагы планды 100 пайызга аткарды. 2018-жылдын август айына салыштырмалуу салыктардын түшүшү 311,7 млн сомго көбөйгөн.

Өлкөнүн бюджетине салыктарды жыйноо боюнча болжолдуу планды аткаруудагы оң натыйжалар салык органдарынын салыктарды башкаруу боюнча комплекстүү жана аналитикалык иштеринин натыйжасы болуп калды.

Акыркы бир жарым айдын ичинде электрондук кызматтарды колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, салык жол-жоболорун оптималдаштыруу, салык отчетторун электрондук түрдө тапшырган салык төлөөчүлөрдүн санын көбөйтүү, эсеп-фактураларды электрондук документ түрүндө колдонуу боюнча пилоттук долбоорду жана салык жол-жоболорун фискалдаштыруу системасын өз убагында киргизүү боюнча иш-чаралар күчөтүлгөн түрдө жүргүзүлдү.

Салыктарды төлөбөстөн, анын ичинде патентсиз иштеген субъекттерди табуу, салыктык башкаруу чөйрөсүндөгү көйгөйлүү участокторду аныктоо, ошондой эле, кошумча булактарды табуу боюнча аналитикалык иштер жүргүзүлдү.

Ошондой эле Салык кызматынын жигердүү ишинин аркасында унаа, турак-жай жана жер салыктарын чогултуу боюнча жакшы көрсөткүчтөргө жетишилди. Алсак, август айынын жыйынтыгы боюнча унаа салыгы өткөн жылдын август айына салыштырмалуу 44,1 млн. сомго, жер салыгы – 19 млн. сомго көп болсо, турак-жай жана батирлер өткөн жылдагы көрсөткүчтөн 9,8 млн. сомго жогорулады.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 8 айында 52 млрд. 550 млн сом суммасында салыктар жана төлөмдөр жыйналган, бул 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 млрд. 792,8 млн. сомго көп.

Пикир

Оставить комментарий