• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Салык кызматы бүгүн 32 жылдыгын белгилөөдө

Коом 0

Бишкек, 01.07.22. /Кабар/. Бүгүн, 1-июлда, Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Кыргызстандын салык кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

Салтанаттуу иш-чарага президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов, министрлер жана мамлекеттик башкаруу органдарынын жетекчилери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, салык кызматынын ардагерлери жана кызматкерлери, ошондой эле салык төлөөчүлөр катышты.

Салтанат башталаардын алдында жогорку даражалуу коноктор үчүн галерея боюнча экскурсия уюштурулду, анда салык кызматынын тарыхын жана анын жетишкендиктерин ачып берген стенддер менен таанышышты, салык жол-жоболорун санариптештирүү боюнча долбоорлордун натыйжалары көрсөтүлдү.

Салтанаттуу жыйын ачылгандан кийн Садыр Жапаров Салык кызматынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады, ал өз сөзүндө Мамлекеттик салык кызматынын өлкөнүн бюджетин толтурууга кошкон зор салымын баса белгиледи. Куттуктоо сөзүнөн кийин мамлекет башчысы бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүн сыйлады.

Акылбек Жапаров өзүнүн куттуктоосунда салык кызматынын кызматкерлерин мамлекет тарабынан коюлган бардык милдеттерди аткаруу үчүн мындан ары да болгон күчүн аянбастан жана жогорку кесипкөйлүк менен иштөөгө чакырды.

МСКнын төрагасы Алтынбек Абдувапов жүргүзүлүп жаткан реформалардын жана ишке киргизилип жаткан долбоорлордун натыйжалары, ошондой эле салык кызматынын алдында турган милдеттер жөнүндө кыскача айтып берди. Сөз сүйлөгөндөн кийин ведомствонун башчысы өлкөнүн мыкты салык төлөөчүлөрүнө ведомстволук сыйлыктарды тапшырды.

Иш-чаранын расмий бөлүгү майрамдык концерт менен аяктады.

Маалымкат

Мамлекеттик салык кызматы бүгүнкү күндө бюджетке салыктарды жана төлөмдөрдү жыйноону, алардын толук жана өз убагында төлөнүшүн контролдоону, республиканын алкоголдук рыногун мамлекеттик жөнгө салууну жана контролдоону, ошондой эле ЕАЭБ алкагында кыйыр салыктарды башкарууну ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органдары – бул ыйгарым укуктуу салык органынан жана Салык кызматынын 62 аймактык башкармалыктарынан турган салык органдарынын бирдиктүү системасы.

Салык кызматы мамлекеттин бюджетине келип түшкөн салыктардын эсебинен өлкөнүн өнүгүшүнө жана Кыргызстан элинин экономикалык абалынын жакшырышына түздөн-түз көмөк көрсөтүүчү мамлекеттик орган болуп саналат.

Салыктарды жыйноо

Салык кызматынын негизги милдеттеринин бири болуп салык жана башка төлөмдөрдүн эсебинен мамлекеттик бюджетти толтуруу эсептелет. Республиканын салык системасында жүргүзүлгөн реформалар салыктык башкарууну сапаттуу жакшыртууга мүмкүндүк берди, бул болсо салык жыйымдарынын суммасынын жыл сайын өсүп жатканынан кабар берет.

Эгерде, 1990-жылы 11,3 млн.сом салык жыйналган болсо, 1995-жылы – 2,4 млрд сом, ал эми 2000-жылы бул сандар 5,5 млрд сомду түзгөн, 2005-жылы – 8,7 млрд сом, 2010-жылы – 26,3 млрд. сом. 2015-жылы өлкөнүн бюджетине 50 млрд сом, 2020-жылы – 63 млрд сом, 2021-жылы – 106 млрд сом салык чогултулган. 2022-жылы 155,6 млрд сомдон ашык салык чогултуу пландалууда.

Камсыздандыруу төгүмдөрү

2019-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу функциясы Салык кызматына өткөрүлүп берилген. Ушул мезгилден баштап Салык кызматы камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтарды өркүндөтүү боюнча белгиленген иштерди жүргүздү.

Жыл сайын чогултулган камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы өсүүдө. Алсак,2019-жылы 32,4 млрд сом, 2020-жылы – 33,1 млрд сом, 2021-жылы – 38,4 млрд сом чогултулган. Ал эми 2022-жылы 41,7 млрд сом чогултуу күтүлүүдө.

Салыктык башкарууну санариптештирүү

Салык кызматы экономиканы санариптештирүү боюнча мамлекеттик программанын алкагында масштабдуу долбоорлорду, анын ичинде салык жол-жоболорун фискалдаштыруу компоненттерин ишке ашырат. Долбоорлор өз ишин жаңы санариптик форматта жүргүзүү боюнча бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Бул компоненттерди киргизүү аналитикалык дараметин күчөтүү, тобокелдиктерди башкаруу практикасын жана салыктык башкаруунун башка жумушчу процесстерин кеңейтүү жагындагы иштерди бөлүп көрсөтүү менен МСКнын түзүмүн кайрадан түзүүгө мүмкүндүк берет.

Алсак, азыркы учурда 2020-жылдын 1-июлунан баштап ишке киргизилген "СМАРТ Салым" салык жол-жоболорун санариптештирүүнүн алкагында салыктык башкаруу системасында бир катар масштабдуу долбоорлор ишке киргизилип, иштеп жатат.

"Электрондук эсеп-фактура" маалыматтык системасы, май куюучу жайларды башкаруунун автоматташтырылган системасы, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз, ККМ-онлайн, товарларды санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо, ЕАЭБ алкагында товарларды эсепке алуу боюнча "Жыйынды пост" системасы жана башка компоненттер киргизилген.

Фискалдаштыруу долбоорун ишке ашыруу МСКны сервистик тейлөөнү оптималдаштырууга, салык төлөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын сапаттуу коргоого, дүйнөлүк тенденцияларга ылайык заманбап санариптик мүмкүнчүлүктөргө жетүүнү камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Салыктык кызмат көрсөтүүлөр

Салык кызматы салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуудан тышкары, салык төлөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтарды өркүндөтүүгө багытталган иштерди туруктуу негизде жүргүзүп келет.

Онлайн кызматтары кеңейип, ийгиликтүү иштеп жатат. Алсак, маалымкаттарды электрондук түрдө берүү ишке киргизилип, "Э-патент" электрондук сервиси, салык төлөөчүлөр тарабынан электрондук отчет берүү, анын ичинде бир катар отчетторду бириктирүү ж. б. жакшыртылды.

Салык төлөөчүлөр менен иштөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, салык төлөөчүлөрдүн салыкчылар менен болгон түз байланышын жоюу максатында "Бирдиктүү терезе" сервиси ишке киргизилип, ийгиликтүү иштөөдө.

2021-жылдын ноябрь айынан тартып Бишкек шаарынын ишкерлерин тейлөө борбору иштөөдө. Тейлөө борборунан ишкерлер консультациянын бардык түрлөрүн жана мамлекеттик жана башка кызматтардын бардык топтомун ала алышат. Салык кызматынан тышкары 9 мамлекеттик орган жана бир катар мамлекеттик уюмдар өз кызматтарын көрсөтүшөт.

Salyk.kg "Салык төлөөчүнүн жеке кабинети" жарандарга салык кызматтарын акысыз онлайн режиминде колдонууга мүмкүнчүлүк берет.

Бул кызмат салык төлөөчүлөр үчүн ыңгайлуу, анткени ал убакытты үнөмдөп, отчетторду, анын ичинде салык декларациясын онлайн тапшырууга, патент жана камсыздандыруу полиси үчүн салыктарды төлөөгө, арыз берүүгө, маалымкаттарды алууга, Салык органдары менен кат алышууга, ошондой эле МСКнын башка онлайн кызматтарынан пайдаланууга мүмкүндүк берет.

Салык кызматы мындан ары да салык төлөөчүлөр үчүн мүмкүн болушунча жагымдуу шарттарды түзүүгө, "салык кызматы – салык төлөөчүнүн жыргалчылыгы үчүн" принцибине ылайык болууга багытталган бул жолду колдойт.

Салык төлөөчүлөр отчетторду электрондук түрдө тапшыруу, төлөм терминалдарын жана башка электрондук сервистерди колдонуу аркылуу салыктарды төлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Пикир

Оставить комментарий