• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Салык кызматы башаламан соода жүргүзүүдөгү 38 тоннадан ашык мунайзатты аныктады

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.07.20. /Кабар/. Салык кызматы башаламан соода жүргүзүүдөгү 38 тоннадан ашык мунайзатты аныктады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик салык кызматы бир ай ичинде 23 миң 562 литр, ал эми жыл башынан бери 38 миң 925 литр мунайзаттын башаламан сатылышын аныктады. Аныкталган фактылар боюнча материалдар мыйзамга ылайык чара көрүү үчүн ЭККМКга өткөрүлүп берилген.

Мунайзаттын көмүскө жүгүртүлүшүнө бөгөт коюу, мунайзаттарды ташып келүүгө, сакталышына жана сатылышына контролду күчөтүү, ошондой эле Кыргызстандын аймагында мунайзаттарын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү максатында, Салык кызматы тарабынан ИИМ жана ЭККМК менен биргеликте салык мыйзамдарынын сакталышына рейддик текшерүүлөр дайыма жүргүзүлүп турат. Ошондой эле, мунайзаттарды башаламан сатуучу жайларда да (жолдордун жээктеринде, жеке үйлөрдө, автобустардын жана кичи автобустардын акыркы аялдамаларында) рейддер жүргүзүлүп турат.

Рейд менен бирге 2020-жылдын 1-июлунан тартып киргизилген электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар КММдин көмүскө жүгүртүлүшүн табууну жөнгө салууда. Мунайзат рыногундагы жаңы талап мунай жана мунай заттарды казып алуу, өндүрүү, импорттоо жана сатуу менен алектенген ишкердик субъектилерге карата колдонулат. Электрондук документте мунай жана мунайзаттары, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүнү ишке ашыруучу транспорттук каражаттар жана башкалар жөнүндө маалыматтар камтылган. ЭТТК мыйзамды сыйлаган ишкерлердин кызыкчылыгын коргоо менен салык мыйзамдарын айланып өтүүчү отундун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүүгө көмөктөшөт.

Ошондой эле салык жол-жоболорун фискалдаштыруу долбоорунун жана "Кыргызстан 2019-2023" санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруунун алкагында Салык кызматы электрондук эсеп-фактуралар, май куюучу жайларды башкаруунун автоматташтырылган системасы, ККМ-онлайн сыяктуу долбоорлорду ишке ашырууда.

Пикир

Оставить комментарий