• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Салык кызматы башаламан соодалашуучу жерлерден күйүүчү май сатып албоону сунуштайт

Коом 0

Бишкек, 03.09.20. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы авто унаа ээлерине күйүүчү майды май куюучу жайлардан гана сатып алууну сунуштайт. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Жол боюнда, маршруттук унаалар токтоочу жайларда жана башка жерлерде бензин сатып жаткан ак ниетсиз сатуучуулар өзүнүн товарын көбүнчө “АИ-92” жана “АИ-95” деп сатышат. Бирок, иш жүзүндө бул октандын эң төмөнкү “АИ-76” жана “АИ-80” бензини экендигин рейддик иш-чаралар көрсөттү.

Көчө соодагерлери "АИ-76" же "АИ-80" маркасындагы бензинди май куюучу жайлардан сатып алып, аны кайра башка марка деп сатышууда. Сапатсыз бензинди пайдалануу унаанын бузулушуна жана аны оңдоого кетүүчү чыгымдарга алып келет. Андыктан авто техникалык көйгөйлөрдү болтурбоо үчүн атайын май куюучу жайлардан гана май куюуну сунуштайбыз.

Эскерте кетсек, 1-июлдан тартып “СМАРТ Салым” салык жол-жоболорун фискалдаштыруу долбоорунун алкагында май куюучу станциялар, анын ичинде авто газ куюучу жана газ толтуруучу компрессордук станциялар башкаруунун автоматташтырылган системасы менен иштей башташты. Башкаруунун автоматташтырылган системасын орнотуу – май куюучу станциялардын мыйзамдуу түрдө иштөөсүнө кепилдик берет, ошондой эле контрабанда жана сапатсыз күйүүчү май сатуу менен күрөшүүгө көмөк көрсөтөт.

Пикир

Оставить комментарий