• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Салык кызматы: Бирдиктүү салык декларациясын 1-апрелге чейин тапшыргыла

Экономика 0

Бишкек, 11.03.19. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди Бирдиктүү салык декларациясын 1-апрелге чейин өз убагында тапшырууга чакырат.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар декларацияны электрондук түрдө гана толтурууга жана катталган жери боюнча салык органына тапшырууга милдеттүү. Бул декларацияны толтуруу жана тапшыруу процедурасын гана эмес иштеп чыгууну да бир кыйла жеңилдетет.

Мыйзамда белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин Салык кызматы Бирдиктүү салык декларациясын өз убагында тапшырбаган мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын тизмесин жарыялай баштайт, ал ошондой эле прокуратура органдарына да берилет.

Эскерте кетсек, 1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардан тышкары, жеке ишкерлер (анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр), менчигинде кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле, юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырышкан дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларацияны тапшырууга милдеттүү.

Толук маалыматты жергииктүү салык органдарынан, ошондой эле "194" кыска номуру аркылуу МСКнын маалымат борборунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий