• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Салык кызматы Бишкек жана Оштогу ишкердик субъекттердин дислокациясын тактоо боюнча масштабдуу ишти баштады

Коом 0

Бишкек, 14.12.21. /Кабар/. Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы Бишкек жана Ош шаарлары боюнча ишкердик субъекттердин дислокациясынын электрондук базасын түзүү жана тактоо боюнча масштабдуу иш-чараларды баштады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, бул иш-чаралар “СМАРТ Салым” салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун алкагында, салыктык башкарууну өркүндөтүү, аналитикалык иштерди жакшыртуу, ошондой эле салыктык каттоосуз жана салыктарды төлөбөстөн экономикалык ишин жүргүзгөн субъекттерди аныктоо максатында жүргүзүлүүдө.

Контролдук иш-чараларга аймактык салык органдарынын 216 кызматкери тартылып, анын ичинен Бишкек шаарында 176, Ош шаарында 40 кызматкер иш алып барууда. Алардын саны зарылдыкка жараша көбөйтүлөт.

Кызматкерлер жеринде электрондук дислокациянын системасы менен маалыматтарды салыштыруу аркылуу ишкер субъекттерди толук камтуу боюнча иштерди жүргүзүшөт, контролдук-кассалык машинанын болушун жана колдонулушун жана башка ишкердикке уруксат берүүчү документтерин текшеришип, тиешелүү маалыматтарды электрондук маалымат базасына киргизишет. Ошондой эле чектердин берилише карата контролдук сатып алууларды өткөрүшөт.

Салык кызматы контролдук иш-чаралар өткөрүлүп жаткандыгына байланыштуу салык төлөөчүлөрдөн салык органдарынын кызматкерлерине жардам көрсөтүүнү жана талап кылынган бардык материалдарды, маалыматтарды берүүнү өтүнөт.

Эске салсак, Мамлекеттик салык кызматы “Ишкердик субъекттердин дислокациясын санариптик картасы” долбоорун ишке ашыруунун алкагында 2021-жылдын августунан тартып Бишкек жана Ош шаарларында жайгашкан соода, жумуш жана кызмат көрсөтүү тармагындагы объекттердин жана ишкердик субъекттердин дислокациясынын картасын түзүү боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов объекттердин жана ишкердик субъекттердин дислокациясынын бирдиктүү электрондук базасынын калыптанышы салыктык башкарууга оң таасирин тийгизип, бизнести көмүскөдөн алып чыгууга, ак ниет атаандаштыкты түзүүгө жол берээрине ишенет.

Пикир

Оставить комментарий