• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Салык кызматы Бишкекте патенти жок иштеп жаткан 22 субъектти аныктады

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.02.21. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери бир күндүн ичинде Бишкек шаарында пландалган рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө милдеттүү патенттин жана камсыздандыруу полистеринин негизинде 22 субъект салык төлөбөй иштеп жаткандыгын аныкташты. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен 2 сауна, 1 мончо, 1 алмашуу бюро, 13 чач тарач жана сулуулук салон, 3 стоматология жана 2 унаа жуугуч салык төлөбөстөн иш жүргүзүшкөн.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча КР мыйзамдарына ылайык айыптар салынды жана милдеттүү патент берүү камсыздалды.

Бул багыттагы иштер дагы улантылат.

Пикир

Оставить комментарий