• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Салык кызматы Бишкектен акциздик маркасы жок 685 таңгак импорттук тамеки тартып алды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.02.21. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарында жүргүзгөн пландуу рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө маркасыз тамеки буюмдарын саткан дүкөндөрдү аныкташты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйынтыгында жалпы суммасы 201,7 миң сомдук акциздик маркасы жок 685 таңгак тамеки жана стика (электрондук сигарет) тартып алынды.

Эскерте кетсек, контрафакттык тамеки буюмдарын, анын ичинде акциздик маркасыз жана жасалма акциздик маркалар менен сатууларга карата жоопкерчиликтер каралган. Соода түйүндөрүнүн ээлери жана сатуучулар Кылмыш-жаза кодексине, Жоруктар жөнүндө кодекске жана Бузуулар жөнүндө кодекске ылайык жазаланат.

Салык кызматы жарандарды контрафакттык же жасалма тамекилер сатылган учурда жергиликтүү салык органына, ошондой эле 116 номери же (0779) 61-31-89 (whatsapp) номери боюнча кайрылууга чакырат.

Белгий кетсек, контрафакттык тамекилерди аныктоо боюнча иштер үзгүлтүксүз негизде жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий