• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Салык кызматы Бишкектен импорттук тандамал 6,5 миң бөтөлкө алкоголду тартып алды

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.09.20. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы рейддик салыктык контролдун жүрүшүндө тийиштүү декларациясыз жана идиштин көлөмүнө дал келбеген акциздик маркалар менен сатуу максатында импорттук алкоголдук продукциянын мыйзамсыз сакталгандыгын аныкташты.

Салык кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мыйзамсыз жүгүртүүдөн бардыгы болуп ар кандай аталыштагы жана идиштеги 6 миң 587 бөтөлкө тандамал алкоголдук продукция тартып алынды.

Ишкерлерге карата КР мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий