• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Салык кызматы бизнес-акыйкатчы институту менен кызматташууга ачык

Экономика 0

Бишкек, 24.09.20. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев бизнес-акыйкатчынын орун басарлары Нурлан Мусуралиев жана Сергей Пономарев менен жолукту. Бул тууралуу КР МСКнын басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууга ошондой эле Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басарлары, ведомствонун түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери жана бизнес-акыйкатчы институтунун адистери катышышты.

Жолугушуунун катышуучулары салыктык башкаруу, ишкерлердин аймактык салык органдары менен өз ара аракеттешүүсү, ошондой эле белгиленген маселелерди биргеликте чечүү максатында мамлекеттик орган менен бизнес-акыйкатчы институтунун ортосундагы кызматташтыкты талкуулашты.

Салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев бизнес-акыйкатчы институту менен конструктивдүү кызматташууга даяр экендигин, бул ак ниет бизнестин пайдасына гана бара тургандыгын билдирди.

Ал салык төлөөчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана ак ниетсиз ишкерлерди көмүскөдөн чыгаруу боюнча фискалдык органдын иштери жөнүндө кыскача маалымат берди. Бул максатта салык кызматынын жетекчиси белгилегендей, “СМАРТ Салым” салык жол-жоболорун фискалдаштыруу долбоору ишке ашырылууда.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешкен ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттарын аныкташты, бул үчүн салык кызматынын жана бизнес-акыйкатчы институтунун жетекчилеринин жана адистеринин жолугушууларын үзгүлтүксүз негизде өткөрүү чечилди.

Пикир

Оставить комментарий