• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Салык кызматы быйыл 31,9 млрд сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту

Экономика 0

Бишкек, 06.09.22. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы январь-август айларында 31 млрд 952,9 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту.

Салык кызматынан кабарлашкандай, бекитилген план 712,9 млн сомго же 2,3 пайызга ашыгы менен аткарылды.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 7 млрд 221,9 млн сомго көп чогултулду.

Пикир

Оставить комментарий