• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Салык кызматы чек арадан 9 млн сомдон ашык товарларды мыйзамсыз ташып кирүүнү аныктады

Коом 0

Бишкек, 13.02.20. /Кабар/. Салык кызматы чек арадан 9 млн сомдон ашык товарларды мыйзамсыз ташып кирүүнү аныктады. Бул тууралуу аталган кызматтан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, “Ак-Тилек” контролдук-өткөрмө пунктунан 397 миң сом суммасында оюнчуктар, 3,4 млн сомдук килем буюмдарын, 1,2 млн сомдук кондитер азыктарын, 4,3 млн сомдук газбетон буюмдарын өндүрүү үчүн автоматташтырылган линияны алып бара жаткан унаалар кармалган. Мыйзам бузууларды Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак чек арасында жайгашкан контролдук-өткөрмө пункттарга жакын жердеги товарларды эсепке алуу пункттарынан аныкташты.

Импорттоочуларда товарды ташып келүүгө салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты жана коштомо кагазы жок болгон.

Мыйзам бузуу материалдары мобилдик топко (ЭККМК) андан аркы иш-чараларды өткөрүү үчүн өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий