• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Салык кызматы: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары патентти КР жарандары алган сумммада эле ала алышат

Экономика 0

Бишкек, 07.04.20. /Кабар/. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары патентти КР жарандары алган сумммада эле ала алышат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул жылдын 18-мартындагы токтомуна ылайык, КР Өкмөтүнүн 25.06.2015-ж. №418 «Иштин түрлөрү боюнча ыктыярдуу пантенттин негизиндеги салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.

Аталган токтомго ылайык, 2020-жылдын 5-апрелинен тартып КР аймагында иш жүргүзгөн ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жарандары үчүн 5ке барабар коэффицент ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктык суммасына карата колдонулбайт.

Ал эми КР аймагында иш жүргүзгөн калган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн салыктын базалык суммасынан ашык эмес, 5ке барабар коэффицент колдонула берет.

Пикир

Оставить комментарий