• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Салык кызматы ЕАЭБден импортолуучу товарларды эсепке алууну санариптештирүү жөнүндө айтып берди

Экономика 0

Бишкек, 08.04.21. /Кабар/. Бүгүн, 8-апрелде Мамлекеттик салык кызматы тегерек стол өткөрүп, анда ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн импортолуучу товарларды эсепке алуу жол-жобосун санариптештирүү тууралуу сөз болду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилиги, КР Экономика жанан финансы министрлигинин, башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ошондой эле бизнес-ассоциациялар жана ишкерлер катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө салык кызматынын адистери Кыргыз Республикасына товарларды ташып келүүдө ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып беришти.

Тегерек столдун маанилүү маселелеринин бири – "Жыйынды пост" маалыматтык системасын ушул жылдын январынан тартып киргизүүнүн артыкчылыктары.

Мындан тышкары, Салык кызматынын кызматкерлери ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товарларды алып кирүүдө импорттоочулар тарабынан толтурулган электрондук коштомо кагазды тариздөө тартибин онлайн-форматта көрсөтүп беришти.

Ошондой эле тегерек столдо ишке киргизилген жана ишке ашырылып жаткан «СМАРТ Салым» салык жол-жоболорун фискалдаштыруу долбоорлору тууралуу маалымат берилди.

Мындан тышкары, бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү жана ишкерлер ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товарларды ташып кирүүдө туш болгон көйгөйлөрү жөнүндө айтып беришти. Бул башка мамлекеттик органдар менен биргеликте Салык кызматына сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен зарыл болгон иш-чараларды өткөрүүгө мүмкүндүк берет.

Иш-чаранын жүрүшүндө Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев 2021-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын аймагына ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн ташылып кирүүчү товарларды эсепке алууда «Жыйынды пост» автоматташтырылган маалыматтык системасы колдоно башталгандыгын белгиледи.

2020-жылдын ноябрында тесттик режимде ишке кирген «Жыйынды пост» системасы кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан контролдук-өткөрмө пункттарына жакын товарларды эсепке алуу пункттарында иштейт.

Кыргыз Республикасынын аймагына ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн товарларды ташып кирүүнү ишке ашыруучу импорттоочулар, электрондук коштомо кагаздарды “Жыйынды пост” маалыматтык системасында же import.salyk.kg сервиси аркылуу тариздеши керек.

«Жыйынды пост» системасы "СМАРТ Салым" салык жол-жоболорун фискалдаштыруу долбоорунун компоненттеринин бири болуп саналат жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алуу процедураларын автоматташтыруу, ошондой эле товарларды мыйзамсыз ташып өтүүгө каршы күрөшүү максатында түзүлдү.

Автоматташтырылган системаны колдонуу ички чек араларда товарларды жана транспорттук каражаттарды эсепке алуу процессин тездетет, сапатын жогорулатат жана кызыкдар мамлекеттик органдардын ортосунда маалымат алмашууну камсыздайт.

Салык кызматынын төрагасы К.Абдалиев белгилегендей, 2021-жылдын үч айында ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдөн товарларды ташып кирүүдө импорттоочулар товарларды эсепке алуу пункттарында ташылып кирүүчү товарга 36 миң 606 коштоочу кагаз беришкен.

Алардын ичинен 30 миң 890 коштомо кагаз – автомобиль транспорту менен ташып киргизилген товарлар боюнча, 4483 коштомо кагаз – темир жол транспорту менен ташып киргизилген товарлар боюнча жана 1233 коштомо кагаз – аба транспорту менен ташып киргизилген товарлар боюнча.

ЕАЭБ алкагында кыйыр салыктарды жөнгө салууда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы 2021-жылдын биринчи кварталында бюджетке 6 млрд 754 млн сом суммасында кыйыр салыктардын түшүүсүн камсыз кылды. 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көрсөткүч 1 млрд 902 млн сомго көп (өсүү ыргагы 139,2%).

Мындан тышкары үстүбүздөгү жылдын үч айында биргелешкен мобилдик топторго товарларды ташып кирүүдө аныкталган бузууларга байланыштуу карап чыгуу үчүн 453 материал берилди. Мыйзам бузуулар, зарыл болгон документтердин, анын ичинде ташылып кирүүчү жүккө коштомо кагаздардын жоктугу, Казакстан Республикасынын ДСУ товарларды тартып алуунун тизмесине киргизилген товарлар боюнча тиешелүү документтердин жоктугу, аймактык салык органынан маалымкаттардын же ташылып жаткан жүктүн иш жүзүндөгү көрсөткүчү коштоочу документтерде көрсөтүлгөн көрсөткүчтөргө дал келбегени менен байланышкан.

Салык жол-жоболорун фискалдаштыруу: сандар жана фактылар

2020-жылдын 1-июлунан тартып “СМАРТ Салым” салык жол-жоболорун фискалдаштыруу алкагында бир катар долбоорлор ишке ашырылгандыгы тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубаныч Шатемиров маалымдады.

Анын айтуусу боюнча, электрондук эсеп-фактуралар, автомай куюучу станцияны автоматташтырылган башкаруу системасы, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздары сыяктуу компоненттер ишке киргизилди.

Фискалдаштыруунун компонеттерин киргизүү Салык кызматынын сервистик кызмат көрсөтүүлөрүн оптималдаштырууга, салык төлөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын сапаттуу коргоого, дүйнөлүк тенденцияларга ылайык заманбап санариптик мүмкүнчүлүктөргө жетүүнү камсыз кылат.

Алсак, 1-июлдан тарта КНС төлөөчүлөр, товарларды импорттоочулар жана экспорттоочулар электрондук эсеп-фактураларды милдеттүү колдонууга өтүшкөн.

Электрондук эсеп-фактуралар системасын ишке киргенден бери 13 миң 435 ишкер колдонууда, алар тарабынан жалпы жүгүртүү суммасы 693 млрд 279 млн сомго 5 млн 39 миң электрондук эсеп-фактура жазылып берилди.

Ошондой эле 1-июлдан тартып май куюучу станциялар автоматташтырылган башкаруу системасы менен иштей башташты.

2021-жылдын 7-апрелине карата 1068 май куюучу жайдын ичинен 975и автоматташтырылган башкаруу системасын орнотту.

2020-жылдын 1-июлунан тартып мунайды жана мунайзаттарын алуу, өндүрүү, импорттоо жана сатуу иштерин жүргүзгөн субъектилер жүктөп жөнөтүү учурунда электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды тариздей башташты. Бул электрондук документте мунай жана мунай зат, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүнү жүзөгө ашыруучу транспорттук каражаттар жана башкалар жөнүндө маалыматтар камтылат.

2020-жылдын 1-июлунан тартып мунайтрейдерлер 108 миң 955 электрондук-товардык-транспорттук коштомо кагазын тариздешкен.

Азыркы учурда Салык кызматы салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун алкагында виртуалдык (программалык) контролдук-кассалык машиналар, товарларды маркалоо сыяктуу башка компоненттерди ишке киргизүүнүн үстүндө иштеп жатат.

2021-жылдын 1-июлунан тартып бизнеске жеткиликтүү жана азыркы колдонуудагы ККМ менен салыштырганда алда канча арзан программалык (виртуалдык) контролдук-кассалык машиналарды ишке киргизүү каралууда. Онлайн режиминде чекене товар жүгүртүүнү мониторингдөө үчүн ККМди колдонуу боюнча жаңы стандарттар жана талаптар кабыл алынды.

Программалык ККМ чекене сатууларды эсепке алууда, ККМдин жаңы үлгүлөрүн колдонуу боюнча техникалык жана административдик талаптарды жөнөкөйлөтүүдө, ККМ рыногунда монополияны четтетүүдө, коопсуздукту күчөтүү жана өткөрүлүп жаткан фискалдык маалыматтын сапатын жогорулатууда жаңы стандарттарды жана технологияларды киргизүүгө мүмкүндүк берүүчү бир катар артыкчылыктарга ээ.

2021-жылдын 1-июлунан тартып милдеттүү түрдө тамеки жана алкоголдук продукцияларды санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркалоо башталат.

Пикир

Оставить комментарий