• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Салык кызматы эки айда 5,6 млрд сом камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнады

Экономика 0

Бишкек, 03.03.21. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 2021-жылдын январь-февраль айларында 5 млрд 600,1 млн сом суммасында камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду. Белгиленген план 102,8 %га аткарылды же 150,1 млн сомго көп жыйналды, - деп билдирет Мамлекеттик салык кызматынын (МСК) басма сөз кызматы.

МСКнын маалыматына караганда, 2020-жылдын эки айына салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 343,9 млн сомго көп жыйналды же өсүү ыргагы 106,5 %ды түздү.

Ошол эле учурда, ушул жылдын февраль айында 3 млрд 80,6 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналды. План 30,3 млн сомго ашык аткарылды. 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 210,8 млн сомго көп жыйналды же өсүү ыргагы 107,3 %ды түздү.

Пикир

Оставить комментарий