• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Салык кызматы эки райондо электрондук кезек системасын жана өзүн-өзү тейлөө зонасын ишке киргизди

Экономика 0

Бишкек, 31.10.20. /Кабар/. Мамлекттик салык кызматы Биринчи май жана Свердлов райондорунун салык органдарынын “Бирдиктүү терезелеринде” электрондук башкарууну жана өзүн-өзү тейлөө зонасын компьютерлер менен тейлөөнү ишке киргизди. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирет.

Биринчи Май салык кызматынын жаңы системасынын презентациясында Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков, Салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев, төраганын орун басары К.Шатемиров, салык органдын кызматкерлери жана райондун салык төлөөчүлөрү катышышты.

Эми келген жарандар кезекти электрондук башкаруу принциби боюнча тейленет жана бул салык кызматтарын алууда ыңгайлуу шарттарды түзөт.

Мындан тышкары, “Бирдиктүү терезе” залдарында өзүн-өзү тейлөө зонасы түзүлгөн, анда салык төлөөчүлөр орнотулган компьютерлерди колдоно алышат. Зарыл болгон учурда салык органынын кызматкери келүүчүлөргө салык боюнча отчетту берүү үчүн “Жеке кабинетке” катталууга, салык кызматтарын онлайн түрүндө алууга кеңеш жана жардам берип, салык жана камсыздандыруу мыйзамдары боюнча зарыл түшүндүрмөлөрдү берет.

Салык кызматы мындан ары электрондук форматтагы аралыктан кызмат көрсөтүүлөрдүн жана сервистердин жана салык органдарында өзүн-өзү тейлөөнүн адистештирилген зоналарынын тизмегин кеңейтет.

Бизнести жүргүзүүнүн жана өнүктүрүүнүн ыңгайлуу шарттарын түзүү үчүн иштелип чыккан “СМАРТ Салым” салык жол-жобосун фискалдаштыруу долбоорунун алкагында салык төлөөчүлөрдү сервистик тейлөөнү жакшыртуу концепциясына ылайык тейлөөнүн жаңы принциптери киргизилүүдө.

Эскерте кетсек, бүгүнкү күндө салык төлөөчүлөр Салык кызматынын электрондук кызмат көрсөтүүлөрүнүн ар кандай түрлөрүнөн, анын ичинде salyk.kg порталынын жардамы менен жана башка отчет, декларация тапшырууга, полис, патент жана ыңгайлуу форматтагы маалымкаттарды алууга мүмкүнчүлүктөрү бар.

Пикир

Оставить комментарий