• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Салык кызматы электрондук эсеп-фактура менен иштөө боюнча WhatsApp жана Telegram`дан кеңеш берүүчү топторду түздү

Экономика 0

Бишкек, 07.07.20. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылдын 1-июлунан баштап киргизилген электрондук эсеп-фактуралардын иштөө принциптерин түшүндүрүү максатында WhatsApp жана Telegram мессенджерлеринде адистештирилген топ түздү. Бул тууралуу КР МСКнын басма сз кызматы билдирет.

Мессенджерлердин жардамы менен КНС төлөөчүлөр, товарларды импорттоочулар жана экспорттоочулар электрондук эсеп-фактураны колдонууда пайда болгон бардык маселелер боюнча катталган аймактык салык органына онлайн режиминде кайрыла алышат.

Ушуга байланыштуу, Салык кызматы "Электрондук эсеп-фактура" маалыматтык системасынын иши тууралуу маалымат берүүгө жооптуу аймактык салык органдарынын кызматкерлеринин телефон номерлерин жарыялайт. Бул тизме электрондук эсеп-фактураны колдонгон ишкерлердин ыңгайлуулугу үчүн берилет. Суроолор пайда болгон учурда, анын ичинде жаңы системага катталуу боюнча зарыл болгон толук маалыматты ыкчам алуу үчүн салык төлөөчүлөр аталган номерлер аркылуу кайрылуусу жетиштүү.

Көрсөтүлгөн номерлер боюнча маалымат берүүгө жооптуу кызматкерлердин туура эмес иш-аракети болгон учурда, (0312) 613186 номери аркылуу салык кызматынын ишеним телефонуна кайрылууну өтүнөбүз.

Эскерте кетсек, КНС төлөөчүлөр, товарларды импорттоочулар жана экспорттоочулар ушул жылдын 1-июлунан тартып электрондук эсеп-фактураларды милдеттүү түрдө колдонууга өтүшктү.

Телефон номерлери тиркемеде.

Пикир

Оставить комментарий