• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Салык кызматы: Электрондук эсеп-фактураларды колдонуу боюнча пилоттук долбоорго 43 компания катышууда

Экономика 0

Бишкек, 02.12.19. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын электрондук эсеп-фактураларды колдонуу боюнча пилоттук долбооруна 10 күндүн ичинде 26 ири компания кошулган жана азыркы учурда алардын саны 43тү түздү. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Пилоттук долбоорго катышып жаткандардын тизмеси:

- "Кыргыз темир жолу" жана "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканалары;

- "Түндүк электр", "Оптима Банк", "Аманбанк", "Кыргызстандын Улуттук электр тармагы", "Кыргызалтын", "Бишкексүт", "Учкун", "Особое конструкторское бюро "Аалам", "Халык Банк Кыргызстан" ачык акционердик коомдору;

- "Кока-Кола Бишкек-Боттлерс", "Бешинчи Канал", "РН-Кыргызнефтепродукт", "Шоро", "Альфа Телеком", "ФИНКА Банк" жабык акционердик коомдору;

- "Сибирь Трейд", "FORESTER", "Торговый дом Народный", "Айс квин", "Куликовский" кондитердик үйү, "Темир Тулпар", "Чайна Петроль Компани Джунда", "Дарк Хорс Интернешнл", "1С Като-Экономикс", "Газпром Нефть Азия", "Технодом Оператор", "Коктом", "Кыргыз Коньягы", "GABB Trade", "Му Линь Сэнь", "Кей Джи Инновации", "Платформа Сервис", "IBS Project KG", "Броманс", "Ультима", "PAAS Group", "Феномен Трейд", "NEOMED", "КДВ Бишкек", "Газпромнефть-Аэро Кыргызстан", "Stella Group" жоопкерчилиги чектелген коомдору.

Салык кызматы пилоттук компанияларга долбоорго активдүү катышып жаткандыктары жана алардын электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасын өркүндөтүү боюнча конструкциялык сунуштары үчүн ыраазычылык билдирет жана пилоттук долбоорго катышууларын салык төлөөчүлөрдүн ак ниеттүүлүк белгилеринин бири катары кабыл алат.

Эскерте кетсек, электрондук эсеп-фактураларды колдонуу боюнча долбоор Кыргызстанда 2019-жылдын 1-июлунан тартып ишке киргизилген. 2020-жылдын 1-январынан тартып электрондук эсеп-фактураларды колдонуу боюнча милдет бардык КНС төлөөчүлөргө, импорттоочуларга жана экспорттоочуларга жүктөлөт.

Мамлекеттик салык кызматы КНС төлөөчүлөрдү, импорттоочуларды жана экспорттоочуларды электрондук эсеп-фактураларды колдонууга өтүү боюнча алдын ала даярданууга чакырат.

Кеңири маалыматты 1240 телефону аркылуу же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий