• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Салык кызматы январда 10,3 млрд сом салык жыйнады

Экономика 0

Бишкек, 01.02.22. /Кабар/. 2022-жылдын январь айында Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик бюджетке 10 млрд 326,2 млн сом салык жыйнады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бекитилген план 106,4 пайызга аткарылды же 620,1 млн сомго ашык чогултулду.

2021-жылдын январь айына салыштырмалуу салыктар 3 млрд 770,2 млн сомго көп жыйналды же өсүү темпи 157,5 %ды түздү.

Пикир

Оставить комментарий