• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Салык кызматы январга белгиленген планды 880 млн сомго ашыгы менен аткарды

Экономика 0

Бишкек, 02.02.23. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын январь айында 17 млрд 854,2 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, белгиленген план 883,3 млн сомго ашыгы менен аткарылды.

2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,2 млрд сомго көп жыйналган.

Анын ичинде 13 млрд 204,7 млн сом суммасында салык жана төлөмдөр жыйналып, план 193,8 млн сомго ашыгы менен аткарылды. Бул 2022-жылдын январь айына салыштырмалуу 2,9 млрд сомго көп.

Камсыздардыруу төгүмдөрү боюнча чогултулган сумма 4 млрд 649,5 млн сомду түздү. Белгиленген пландан 689,5 млн сомго көп жыйналды. Бул өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 1,3 млрд сомго көп.

Пикир

Оставить комментарий