• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Салык кызматы: Импорттоочулар мамлекеттик чек арага товарларды ташып кирүүдө 22,4 миң коштоочу кагаз берген

Экономика 0

Бишкек, 22.04.19. /Кабар/. ЕАЭБга мүчө өлкөлөрүнөн товар ташуу менен алектенген тышкы экономикалык иштин катышуучулары, ушул жылдын январь айынан тартып март айына чейинки мезгилде мамлекеттик чек аралардагы транспортту контролдоо жана товарларды эсепке алуу убактылуу пунктарынан 22 миң 480 коштоочу кагазын көрсөтүштү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 1-октябрынан тартып кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынын жанындагы 4 контролдук-өткөрүү пункттарына жакын транспорттук контролдоо жана товарларды эсепке алуу боюнча убактылуу пункттар иштеп жатат. Атап айтканда, бул убактылуу пункттары Талас облусунун манас районунда ("Чоң-Капка автожолу"), Чүй облусунун Панфилов районунда ("Чалдыбар автожолу"), Ысык-Ата районунда ("Ак-Тилек автожол"), Аламүдүн районунда ("Ак-Жол автожолу") жайгашкан.

Кыйыр салыктарды башкаруунун алкагында, КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы 2019-жылдын 1-кварталында бюджетке 5 млрд 43 млн сом өлчөмүндөгү кыйыр салыктардын түшүүсүн камсыз кылды. Анын ичинен импортко КНС 3 млрд 849 млн сом, импортко акциз 1 млрд 204 млн сом өлчөмүндө келип түшкөн.

Товарларды мыйзамсыз ташып келүү/ташып кетүү фактыларын, ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден КР мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды алып өтүүдө мамлекеттик контролдон өткөрүү талаптарын бузууларды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча контролдук-оперативдүү жана рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө жагдайларды аныктоо үчүн 161 унаа каражаты боюнча материалдар мобилдик топко өткөрүлүп берилген. Алар кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы аркылуу Кыргызстандын аймагына өтүшкөн.

Бузуулар - зарыл болгон документтердин, анын ичинде Казакстан Республикасынын Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун товарларды алып салуу тизмесине киргизилген товарлар боюнча документтердин, ташып келинүүчү жүккө коштоочу документтердин, аймактык салык органынан маалымкаттын жоктугу же ташып келинүүчү жүктүн иш жүзүндөгү көлөмү коштоочу документте көрсөтүлгөн көрсөткүчтөргө дал келбегендиги менен байланыштуу болгондугу белгиленген.

Бардык убактылуу пункттарда Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден ташылып келинүүчү жүк жөнүндө аймактык салык органына маалыматты онлайн режиминде берүүгө мүмкүндүк берген, коштоочу кагаздарды эсепке алуу боюнча автоматташтырылган система орнотулган.

Пикир

Оставить комментарий