• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Салык кызматы ишкердик объекттердин жана субъекттердин жайгашуу картасын түзүү боюнча иштерди жүргүзүүдө

Экономика 0

Бишкек, 12.08.21. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы "Ишкердик субъекттердин жайгашуусунун санариптик картасы" долбоорун ишке ашыруунун алкагында Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында жайгашкан соода, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү ишкердик объекттердин жана субъекттердин жайгашуу картасын түзүү боюнча иш жүргүзүүдө. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирет.

Жайгашуунун санариптик картасын түзүү максатында Салык кызматы менен Ички иштер министрлигинин, Салык кызматы менен мэриянын кызматкерлеринен турган ведомстволор аралык жумушчу топтор түзүлдү, ошондой эле жайгашуу картасын түзүү үчүн иштерди уюштуруу боюнча ведомстволор аралык план түзүлдү.

Ведомстволор аралык планга ылайык Салык кызматынын кызматкерлери администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык башкармалыктарынын кызматкерлери менен бирдикте жайгашуу картасын түзүү боюнча биргелешкен практикалык иш-чараларды өткөрүүдө.

Салык кызматкерлери сатылып жаткан маркалануучу товарларга марканын болуусун жана алардын шайкештигин көзөмөлгө алышып, андан ары тестирлөөдөн өткөрүү менен жайгашуунун санариптик картасын түзүү, 4-топтогу мүлк объекттерин башкаруу жана жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөткөн субъекттерде патенттин болуусун контролдошот.

2021-жылдын 9-августуна карата Бишкек жана Ош шаарлары боюнча жайгашуунун электрондук картасына 16727 ишкердик объекти жана субъектилер киргизилген. Алардын ичинен 12400 - Бишкек шаарында, 4327 - Ош шаарында.

Долбоорду ишке ашыруунун 3 этабында соода, жумуш жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү объекттердин жана ишкердик субъекттердин санын кыйла так аныктоо максатында Салык кызматынын маалымат базасын Кадастр маалымат базасы менен интеграциялоо пландаштырылууда. Бул коммерциялык жана өнөр жай багытындагы кыймылсыз мүлктү ижарага берүү боюнча кызматтарды көрсөтүүчү ижарачылардын үстүнөн да контролду жакшыртууга мүмкүндүк берет.

Эскерте кетсек, буга чейин Салык кызматы Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында ишкердик иш жүргүзгөн объекттердин жана субъекттердин жайгашуусунун бирдиктүү электрондук базасы менен тааныштырып, экономикалык ишмердиктин объектилеринин жана субъекттердин жайгашкан жерин картадан көрсөтүп туруучу “Дислокация” программалык модулунун иштөөсү көрсөтүлгөн.

Ишкердик иш жүргүзгөн объекттердин жана субъекттердин жайгашуусунун бирдиктүү электрондук базасын түзүү салыктык башкарууда оң таасирин тийгизип, мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүгө жана көмүскө экономиканын деңгээлин кыскартууга мүмкүндүк берет.

Дислокациянын бирдиктүү электрондук базасын иштеп чыгуу салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүүнүн алкагында жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий