• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Салык кызматы: Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча план ашыгы менен аткарылды

Экономика 0

Бишкек, 09.10.19. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы сентябрь айында салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча планды ашыгы менен аткарды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Салык кызматы сентябрь айында 2 млрд 741 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнаган. Белгиленген план 103%га аткарылды же 81 млн сомго ашыкча аткарылган. Бул 2018-жылдын сентябрь айына салыштырмалуу 286,1 млн сомго же 11,6 пайызга көп.

Үстүбүздөгү жылдын үчүнчү кварталынын жыйынтыгы боюнча 7 млрд 687, 3 млн сом жыйналган, планды аткаруу 100,5% ды түзгөн же пландан 34,5 млн сомго көп камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулган.

Пикир

Оставить комментарий